Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 28-8/4
Мурда имарат сатып алуу ʏчʏн бѳлʏнгѳн акча каражатын бѳлʏштʏрʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри Э.Дж.Джумаевдин, 2021-жылдын 30-июлундагы, кир:№01-7/255 кайрылуу катын карап жана талкуулап экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова) 2021-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, мурда имарат сатып алуу ʏчʏн бѳлʏнгѳн акча каражаттан бѳлʏп берсин;
- «Жол чарбасы» МИсине 5 млн сом (беш миллион), Торгоев атн. кѳчѳнʏн жолун реконструкция жʏргʏзгѳн кызматы ʏчʏн;
- 4 млн сом (тѳрт миллион), «Каракол кѳрктѳндʏрʏʏ, санитардык тазалоо комбинаты» муниципалдык ишканага атайы техника сатып алуу ʏчʏн;
- 6 000 000 (алты миллион) сом, муниципалдык мʏлктʏ башкаруу департаментине, бала-бакча ʏчʏн имарат сатып алууга;
- «Каракол кѳрктѳндʏрʏʏ, санитардык тазалоо комбинаты» муниципалдык ишканага 1 700 000 (бир миллион жети жʏз миң) сом, шаардын кѳчѳлѳрʏн жарыктандыруу ʏчʏн;
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж.Акимканов |