Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 28-8/5
Каракол шаарынын мектептеринин ремонтуна акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаардык кеңешинин билим берʏʏ, саламаттыкты сактоо, маданият, социалдык жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасы, А.Омукеевдин кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова) бала-бакчаларга мурда бѳлʏнʏп, андан ʏнѳмдѳлгѳн акча каражаттан бѳлʏп берсин;
* №2 гимназия-мектебине, чатырын оңдоо ʏчʏн-236 046 (эки жʏз отуз алты миң, кырк алты) сом;
* №6 орто мектебине, класстарды оңдоо ʏчʏн-248 305 (эки жʏз кырк сегиз миң, ʏч жʏз беш) сом;
* №1 гимназия-мектебинин ремонту ʏчʏн-520 500 (беш жʏз жыйырма миң, беш жʏз) сом;
* №5 орто мектебине, жылытуу системасы ʏчʏн кошумча насосторду сатып алуу ʏчʏн-91 160 (токсон бир миң, бир жʏз алтымыш) сом;
* №7 бала-бакчага, музыкалык залынын ремонту ʏчʏн- 321 388 (ʏч жʏз жыйырма бир миң, ʏч жʏз сексен сегиз) сом:
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн
Төрага | Т.Ж.Акимканов |