КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 28-8/6
Эндоскопиялык аппарат алуу ʏчʏн акча каражатын бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын мэри, Э.Дж.Джумаевдин 2021-жылдын 30-сентябрындагы, кир:№01-7/319 кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгы (Г.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясына, 2021-жылдын башындагы эркин калдыктан ѳзгѳчѳ кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга каралган акча каражаттын ичинен, 3500,0 (ʏч миллион беш жʏз миң) сом акча каражатын, эндоскопиялык аппаратты алуу ʏчʏн бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча, туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Т.Ж.Акимканов |