Редакцияот 19.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 19-октябры № 28-8/7

Бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтʏʏ ʏчʏн акча каражатын бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ

Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мʏлктʏ башкаруу департаментинин башчысынын милдетин аткаруучу Р.Ишенбаевдин, 2021-жылдын 06-сентябрындагы, кир:№01-7/276 кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,

 

токтом кылат:

 

1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова), Каракол шаарынын мэриясынын муниципалдык мʏлктʏ башкаруу департаментинин аппарат кызматкерлерине, бир айлык эмгек акы ѳлчѳмʏндѳгʏ, бир жолку материалдык жардам кѳрсѳтʏʏ ʏчʏн, муниципалдык мʏлктʏ башкаруу департаментинин айлык акылары фондунан ʏнѳмдѳлгѳн акча каражатынын эсебинен, 144 475 (жʏз кырк тѳрт миң тѳрт жʏз жетимиш беш) сом акча каражатын бѳлʏп берсин.

 

2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.

3. Токтом ММКларда жарыялансын

4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.

 

Төрага

Т.Ж.Акимканов