КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 28-8/8
Дене тарбия жана спорт ордосунун залын ремонттоого акча каражатын бѳлʏʏ жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Ч.А.Бапаевдин, 2021-жылдын 07-сентябрындагы, кир:№01-7/278 кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова) дене тарбия жана спорт ордосунун залын ремонттоого, 1 808 431 (бир миллион сегиз жʏз сегиз миң тѳрт жʏз отуз бир) сом акча каражатын, китепкана салууга каралган акча каражаттан бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж.Акимканов |