Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 28-8/9
Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-ѳспʏрʏмдѳр спорт мектебинин акча каражатын жылдыруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Ч.А.Бапаевдин, 2021-жылдын 28-сентябрындагы, кир:№01-7/310 кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кенешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова), олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-ѳспʏрʏмдѳр спорт мектебинин, 2215 беренесинен 2222 беренесине 200 000 (эки жʏз) миң сом каражатын жылдырсын.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж.Акимканов |