Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-октябры № 28-8/12
«Жашылдандыруу чарбасы» МИсине акча каражатын бѳлʏп берʏʏ жѳнʏндѳ
«Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасынын жетекчисинин м.а. С.С.Ɵскѳнбаевдин, 2021-жылдын 09-августундагы, кир:№01-7/243 кайрылуу катын карап жана талкуулап, экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы (Г.Толумбекова), «Жашылдандыруу чарбасы» муниципалдык ишканасына кʏйʏʏчʏ май (ГСМ) алуу ʏчʏн, 2021-жылдын башындагы эркин калдыктын эсебинен, 2021-жылдын башындагы эркин калдыктан ѳзгѳчѳ кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга каралган акча каражаттын ичинен, 450 000 (тѳрт жʏз элʏʏ миң) сом ѳлчѳмʏндѳгʏ акча каражатын бѳлʏп берсин.
2. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизʏʏ ʏчʏн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтом ММКларда жарыялансын
4. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ экономика, бюджет, соода, ѳнѳр жай, инвестициялар, ишкердʏʏлʏктʏ колдоо боюнча туруктуу комиссиясына жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Т.Ж.Акимканов |