Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 3

Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Н.Т.Мамасадыкованын 25.06.2021-жылдагы кириш № М-45 сандуу арызын кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Н.Т.Мамасадыкованын 25.06.2021-жылдагы кириш № М-45 сандуу арызынын негизинде токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Мыктаровдун маалыматы эске алынсын.

2. Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Н.Т.Мамасадыкованын 25.06.2021-жылдагы кириш № М-45 сандуу арызы иш кагаздары толук болбогондугуна байланыштуу жана Шайдан айыл өкмөтүндө жашабагандыгына, турак-жай салуу үчүн трансформациядан өткөн муниципалдык жер аянттары жоктугуна байланыштуу турак-жай салуу үчүн жер тилкесин ажыратып берүү мүмкүн эместиги белгиленсин. (жашабагандыгы анык деген тактама тиркелет)

3. Баткен облусунун Лейлек районунун тургуну Н.Т.Мамасадыкованын 25.06.2021-жылдагы кириш № М-45 сандуу арызына мыйзам чегинде жооп берүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Б.Миңбаевага милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин агрардык саясат, кызмат көрсөтүүлөр, экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А. Мыктаровго милдеттендирилсин .

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тешебаев