Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 8

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 03.06.2021-жылдагы № 04-1/753 сандуу катын кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 03.06.2021-жылдагы №04-1/753 сандуу катын талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

 

2. Ош-Бишкек автожолунун айыл аймагыбыз аркылуу өткөн жол тилкелерине жол коопсуздугунун алдын алуу максатында Бирдик айылынын баш жагына, С.Жантаев көчөсү менен Ош-Бишкек авто жолунун кесилишкен жерине (Ак жолго) видеобайкоо камерасы орнотуга макулдук берилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу болюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго тапшырылсын.

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тешебаев