ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 11
Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Б.Исаковдун 23.06.2021-жылдагы кириш № И-04 сандуу арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айыл өкмөтүнүн тургуну Б.Исаковдун 23.06.2021-жылдагы кириш № И-04 сандуу арызын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Исаков Мажиттин ысымы ыйгарылсын.
3. Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, маркум Исаков Мажиттин ысымы ыйгарылган көчөнү базалык каттоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Акматалиев Толкундун дүкөнүнөн тартып Шамшидин Сүйөркулов көчөсүнө чейин Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери маркум Исаков Мажиттин ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго жана маркум Исаков Мажиттин уулу Исаков Байзакка милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясыныны төрагасы Н.Маматовго милдеттендирилсин.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |