ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 14
Шайдан айыл өкмөтүнүн Шайдан-Сай айылынын тургуну Р. Жоробековдун 05.07.2021-жылдагы кириш № Ж- 06 сандуу арызын кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап Шайдан айыл өкмөтүнүн Шайдан-Сай айылынын тургуну Р. Жоробековдун 05.07.2021-жылдагы кириш № Ж- 06 сандуу арызын талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.
2. Шайдан-Сай айылындагы Шайдан-Сай көчөсүнө маркум Жоробеков Урбайдын ысымы ыйгарылсын.
3. Шайдан-Сай айылындагы Шайдан-Сай көчөсүнө маркум Жоробеков Урбайдын ысымы ыйгарылган көчөнү базалык каттоого киргизүү жагы Ноокен райондук жерге жайгаштыруу башкармалыгынан жана Ноокен райондук статистика бөлүмүнөн суралсын.
4. Шайдан-Сай айылындагы Шайдан-Сай көчөсүнө маркум Жоробеков Урбайдын ысымы ыйгарылган көчөгө көчөнүн аты жазылган щит, табличкаларды илип, тийиштүү органдарга каттатуу жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго жана маркум Жоробеков Урбайдын уулу Р.Жоробековго милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |