Редакцияот 10.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 10-августу № 17

01.07.2021-жылдын чыгыш № 3/674 сандуу Ноокен райондук аскер комиссары майор С.Токушевдин сунушун кароо жөнүндө

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап 01.07.2021-жылдын чыгыш № 3/674 сандуу Ноокен райондук аскер комиссары майор С.Токушевдин сунушун талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясынын 26.07.2021-жылдагы отурумунун протоколу эске алынсын.

 

2. 01.07.2021-жылдагы чыгыш № 3/674 сандуу Ноокен райондук аскер комиссары майор С.Токушевдин сунушуна ылайык Улу-Ата мекендик согуштун ардагери маркум Рускулов Паяз менен Рыскулов Мырзабектердин иш кагаздары толук эместигине байланыштуу иш кагаздарын толуктоо үчүн Ноокен райондук аскер комиссары майор С.Токушевге кайтарылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тарбия, коммуникациялар жана архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. (Н.Маматов)

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А. Тешебаев