ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 10-августу № 22
Шайдан айыл өкмөтүнүн ветсервисинин жетекчиси А.Соронбаевдин 09.08.2021-жылдагы кайрылуусун кароо жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Шайдан айыл өкмөтүнүн ветсервисинин жетекчиси А.Соронбаевдин 09.08.2021-жылдагы кайрылуусун угуп жана талкуулап токтом кылат:
1. Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын маалыматы эске алынсын.
2. Акыркы мезгилде айыл-чарба жандыктарынын (ири мүйүздүү кара мал, кой, эчки, жылкы ж.б.у.с.) санынын өсүүсүнө байланыштуу айыл өкмөтүнүн калкын ветеринардык жактан тейлеп келе жаткан ветврачтар жетишсиздигинен, калкыбыздын эртеңки келечеги үчүн татыктуу кадр даярдоо максатында мал чарбачылыгына кызыккан 2 бүтүрүүчүнүн 50% контрагын жергиликтүү бюджеттен каржылап, жылына 20000 (жыйырма миң) сомдон өлчөмүндө акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн калкынын ветеринариялык жактан сапаттуу тейлөө, айыл өкмөттүн аймагындагы эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо максатында айыл өкмөтүнүн балансындагы бош турган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү авто машинасын ветеринардык кызматка пайдаланууга берүү жагы Шайдан айыл өкмөтүнун башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу болюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |