ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-августу № 28
Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылына балдар аянтчасын куруу долбооруна 1500000 сом өздүк салымын төлөө жөнүндө
Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловдун Алма айылына балдар аянтчасын куруу долбоорунун өздүк салымын төлөө жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловдун Алма айылына балдар аянтчасын куруу долбооруна 1 500 000 сом өздүк салымын төлөө жөнүндөгү кайрылуусу эске алынсын.
2. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылына балдар аянтчасын куруу долбооруна төлөнүүчү 1500000 (бир миллион беш жүз миң) сом өздүк салымды жергиликтүү бюджеттин эсебинен каралсын.
3. Шайдан айыл өкмөтүнүн Алма айылына балдар аянтчасын куруу долбооруна төлөнүүчү өздүк салымды айыл тургундарынан жана демөөрчүлөрдүн эсебинен төлөө сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шайдан айылдык кеңешинин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго тапшырылсын.
Шайдан айылдык кеңешинин төрагасы: |
А. Тешебаев |