Редакцияот 04.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы

2021-жылдын 4-октябры № 5

Кошоков Бектурсун спортто зор жетишкендиктери үчүн жана спорт чеберлерин колдоо максатында материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө

Кошоков Бектурсун спортто зор жетишкендиктери үчүн жана спорт чеберлерин колдоо максатында Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясында талкуулап токтом кылат:

 

1. Шайдан айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз V сессиясынын протоколу эске алынсын.

 

2. Кошоков Бектурсун спортто зор жетишкендиктери үчүн жана спорт чеберлерин колдоо максатында Шайдан айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен мыйзамдуулугун карап 10000 (он миң) сом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акча каражатын ажыратып берүү жана жагы Шайдан айыл өкмөтүнүн башчысы К.Еркуловго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Шайдан айылдык кеңешинин бюджет, каржы муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Чолпоновго милдеттендирилсин.

 

Шайдан айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

А.Тешебаев