Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-11
“Жашасын-2 айылындагы мектеп жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын негиздеп, Жашасын-2 айылынын жергиликтүү тургундарынын 25-декабрь 2022-жылдагы чогулушунун протоколун эске алып, айылдык кеңештин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашасын-2 айылындагы жаңыдан ишке берилген жалпы билим берүүчү негизги мектебине Стамкулов Икрамдын ысымын коюуга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду колдоп берүү жагы Сузак райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |