Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он экинчи сессиясы
2022-жылдын 23-декабры № 12-3
“Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмүн бекитүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн №01-16/720 19-декабрь 2022-жылдагы катынын негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн штаттык түзүмү бекитилсин.
2. Бекитилген штаттык түзүмгө ылайык иш алып баруу айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т. Джороев |