Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 13-3

“Кызыл-Туу айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоолорду киргизүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, ИАС-КВнын төрагасы М. Матиевдин “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” алкагында жасалып жаткан иштери боюнча кеңири баяндамасынын негизинде, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. АРИСтин “CASA-1000 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоорунун” “Социалдык-экономискалык инфраструктураларын жакшыртуу жана кызмат көрсөтүүлөрун чыңдоо” 1В подкомпонентинин алкагында 2023-жылга карата калдык суммаларга максаттуу айылдарда өткөрүлгөн фокус-топтордун жыйынтыгы менен тандалып алынган көйгөйлөр артыкчылыктуу көйгөй деп табылсын жана айыл аймагынын 2021-2025-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планына толуктоо катары киргизилсин (тиркеме тиркелет)

 

2. Токтомду аткаруу жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтү М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев

 

Тиркеме 1

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 2023-жылдын 10-февралындагы кезектеги 13-сессиясынын №13-3 токтому менен бекитилген

 

№

Жергиликтүү долбоордун аталышы

Күтүлүүчү натыйжалар

Ишке ашырылуучу айыл\конуш

Аткаруу мөнөөтү (план)

Бюджет (сом)

Башталышы (ай, жыл)

аяктышы (ай, жыл)

Жалпы сумма

Анын ичинен:

ЖККД СASA-1000

Жергиликтүү бюджет

Башка булактар

1

О. Муратов мектебине интеративдүү доска сатып алуу

Мектеп окуучуларынын билим денгээлин жогорулатууга шарт тузүлөт

таштак

Март 2023

Май 2023

225 000

225 000

 

 

2

Жашасын-2 мектебине компьютер, принтер, проектор сатып алуу

Мектеп окуучуларынын билим денгээлин жогорулатууга шарт тузүлөт

Жашасын-2

Март 2023

Июнь 2023

518 840

518 840

 

 

3

Достук бала бакчасынын жылытуу системасын оңдоо жана эмерек сатып алуу

Бала бакчанын тарбиялануучуларына шарт түзулөт

Кызыл-Сенир

Март 2023

Июнь 2023

4 314 000

4314 000

 

 

4

А. Матиев мектебине китепкана жана музей куруу

Мектеп окуучулардын билим денгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт

Көк-Булак 1

Март 2023-

Июнь 2023

2 835 000

2 835 000

 

 

5

К. Төрамаматов мектебинин ашканасын ремонттоо

Мектеп окуучулардын билим денгээлин жогорулатууга шарт түзүлөт

Талаа-Булак

Апрель 2023-

Июнь 2023

1 020 085

1 020 085