Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 13-4

“Жайыт комитетинин ишмердүүлүгү” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Мамытовдун 2022-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2023-жылга карата планынын негизинде, айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун токтомунун негизинде Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2022-жылдагы иш аракети канааттандырарлык деп баалансын.

2. Жайыт комитенини 2023-жылга такталган киреше жана чыгашаларынын негизинде 1425000 (бир миллион төрт жүз жыйырма беш миң) сом өлчөмүндө бюджети бекитилсин.

3. Кызыл-Туу жайыт пайдалануучулардан шарттуу мал башына алынуучу төлөмдөр төмөндөгүдөй белгиленсин:

- чоң жылкылар жана бодо малдар үчүн -120 сом

- жаш жылкылар жана жаш бодо мал үчун (2 жашка чейин)-120 сом

- сүт эмди тай жана торпоктор үчүн-120 сом

- кой, эчкилер үчун-30 сом

- козу-улактар үчүн-30 сом

4. Кызыл-Туу айыл өкмөтү боюнча жайыт жерлерди убактылуу тосуп, чөп орок катары пайдаланса, 1 га жер үчүн 1000 (бир миң) сомдон акы төлөнсун.

5. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев