Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги он үчүнчү сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 13-9

“Көп кабаттуу үйдүн курулушу жөнүндө”

Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 10-февраль 2023-жылдагы №01-16/157 катын негиздеп. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары маалыматын угуп, айылдык кенештин мыйзамдуулук жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколуна ылайык Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылындагы 1,5 га муниципалдык жер тилкесине “Мамлекеттик ипотекалык компания” ААКсы аркылуу социалдык 5 кабаттуу 9 турак үй курууга макулдук берилсин.

 

2. Мыйзам чегинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы М. Омурзаковго милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн www.kyzyl-tuu.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет. 

 

Төрага:

Т. Джороев