Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-январы № 31/IX-7
Кайыңды шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 41- беренесинин 1-пунктунун негизинде, Кайыңды шаардык кенешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.Кайыңды шаардык кенешинин төрагасынын орун басары болуп Абдрасулов Урмат Бейшеналыевич шайлансын.
2.Кайыңды шаардык кеңешинин 2021 – жылдын 11 – майындагы № 3/I – 3 токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн .
Төрага Э.Т. Иманкулов