Редакцияот 20.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2022-жылдын 20-январы № 29/IX-5

 

Кайыңды шаарындагы 3 суу сакталган жерлерди(көлмөлөрдү) конкурстук негизде ижарага пайдаланууга  макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 1999 – жылдын  2 – июнундагы № 45  Жер Кодексинин 14 жана 25 беренелеринин , 20.10.2021 - жылындагы ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын  37 беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2011 – жылдын 23 – сентябрындагы № 571 “Муниципалдык менчиктеги жер тилкелерине менчик же ижара укугуна акы төлөө тартиби жана шарттары жөнүндө” типтүү Жобонун  негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.Кайыңды шаарындагы төмөнкү  даректерде жайгашкан  суу сакталган жерлерди (көлмөлөрдү) конкурстук негизде ижарага пайдаланууга макулдук берилсин.

Эмгек 43 көч.

Шопокова – Бейзерц

Кабель заводунун эски дачаларынын жанында

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин  агрардык, жер жана турак жай маселелери   боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                                           Э.Т. Иманкулов