Редакцияот 24.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 24-декабры № 24/VIII-1

 

УКМК нын Чүй облусунун  Панфилов райондук бөлүмүнө жер тилкесин берүү жөнүндө

Кайыңды шаарынын мэриясынын “УКМК нын Чүй облусу боюнча Панфлов райондук болүмүнө жаңы имарат жана чарбалык объектилерди куруу үчүн  Кайыңды шаарынан жер тилкесин берүү жөнүндө” катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 1999 – жылдын 2- июнундагы № 45 Жер Кодексинин 14 беренесинин, 25- беренесинин 2- пунктунун, 32- беренесинин 4- пунктунун негизинде,Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.УКМК нын үй облусу боюнча Панфилов райондук бөлүмүнө Кайыңды шаарынын мэриясынын  алдындагы  муниципалдык мүлк  боюнча бөлүмүнүн муниципалдык мүлкүндө турган Кайыңды шарынын  Полевая 7 көчөсүндөгү жер тилкесин  жаңы имаратты  жана  чарбалык объектилерди курууга берилсин.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн  Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин  агрардык, жер жана турак жай маселелери   боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

   Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                                                               Э.Т. Иманкулов