КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2021-жылдын 14-ноябры № 20/VI-1
Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылындагы бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
“ Кайыңды шаарынын мэриясынын 2021- жылынын бюджетинин аткарылышы” жөнүндө Кайыңды шаарынын мэриясынын каржы жана үнөм бөлүмүнүн башчысынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин “Активдер жана милдеттемелер” беренесинин Кайыңды шаарынын мэриясынын бюджетинин киреше бөлүгүнө пландан тышкары түшкөн каражаттардын негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:
1.“Чарбалык эмес жерлерди сатуу” беренесине 31412110 - 98,5 миң. сом, ”батирлерди сатуу” 31111110 – беренесине – 232,6 миң. сом, “башка транспорттук каражаттарды сатуу” 31121190 – беренесине – 133,2 миң.сом, баардыгы – 461,3 миң.сом, пландан тышкары түшкөн каражаттарынын бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө колдонууга макулдук берилсин.
2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын м.а. У.Б. Абдрасулов