Редакцияот 22.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЙЫҢДЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

2021-жылдын 22-сентябры № 17/IV-1

 

“Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын Гончарова Ирина Сергеевнага ыйгаруу жөнүндө

 

 

Кайыңды шаарынын мэриясынын  “Кайыңды шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маалымат – сунуштарын талкуулап, “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу ирээти жөнүндө Жобосунун негизинде, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаттарынын сессиясы токтом кылат:

 

1.Мектеп жашындагы муундарды тарбиялоодо көп жылдык эмгеги жана Кайыӊды шаарынын коомдук иштеринде активдүү катышкандыгы үчун Гончарова Ирина Сергеевнага, Кайыңды шаарынын Ардактууатуулу” наамы ыйгарылсын.

2.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу милдети Кайыңды шаардык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага                                                                                                                                                                                                                                                                                                                  Иманкулов Э.Т.