Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 15 сессиясы
2022-жылдын 15-сентябры № 16/1
Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын иш жүргүзүү аймагын аныктоо жана айылдык кеңешинде катоого алуу жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин кезексиз сессиясында сунушталган маселелерди айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоцациясынын мүчөлөрүнүн жыйынында Кыргыз-Кыштак айыл аймагындагы айылдардагы коомчулуктардын ассоцациясынын уставы ассоцациянын конференциясында бекитилгендигин негизинде жана конференция катышуучуларынын ассоциацияны каттоого алуу сунуш протоколун эске алуу менен Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы “Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” № 101-мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын Уставына ылайык иш жүргүзүү аймагы Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын чек ара аймагы болуп аныкталсын.
2. Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинде айылдардагы коомчулуктарды инвестициялык ассоциациясынын бектилген уставына жана конференциянын сунуш протоколуна ылайык Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясы каттоого алынсын.
3. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңештин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Айылдардагы коомчулуктардын инвестициялык ассоциациясынын аткаруу комитетине ассоциациясынын уставында жана ар тараптуу кызматташуу келишимдеринде көрсөтүлгөн кызматташууну ишке ашырууда көмөк көрсөтүү жагы Кыргыз-Кыштак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |