Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы
2022-жылдын 16-декабры № 16/2
Кыргыз-Кыштак айыл аймакта жайгашкан таза суу түтүктөрүн, суу сактагычтарын туура пайдаланып, элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, айыл аймагынын тазалыгын,көрктөндүрүү,жарыктандыруу, иштерин камсыздоо жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз-Кыштак айыл аймакта жайгашкан таза суу түтүктөрүн, суу сактагычтарын туура пайдаланып , элди таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо, айыл аймагынын тазалыгын,көрктөндүрүү, жарыктандыруу, иштерин камсыздоо айылдардын ички жолдорун оңдоп түзөөдө жана таштанды төгүүчү жайларды иштерин жүргүзүү максатында муниципалдык ишканасы түзүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын жана иш кагаздарын даярдоо жагы Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн бачысы Д.Досатовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |