Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы
2022-жылдын 16-декабры № 16/4
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айдоо жерлерге жана бак- дарактарга зыян келтирген мал жандыктарга айып пул салуу жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айыл башчылардын арызынын негизинде, Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу айдоо жерлерге жана бак-дарактарына зыян келтирген жылкыларга жана уйларга ар бир башына 2000 (эки мин ) сом жана майда мал кой-эчкилерге ар бир башына 500(беш жүз)сом айып пулу салынсын келтирген зыяндын ордун толтуруу менен.
2. Ушул токтомдун мыйзам чегинде аткарылышын Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Досатовго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин туруктуу укук жана этика комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |