Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын кезексиз 16 сессиясы
2022-жылдын 16-декабры № 16/8
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу Кыргыз- Кыштак айылынын Жаны-Абад участкасын көчөсүнө 660 метр аралыкты асфальтоо жөнүндө
Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылынын Жаны-Абад участкасын көчөсүн 660 метр аралыкты асфальтоо боюнча мамлекеттик түрткү берүүчү грантка даярдалган проектилерди сунушталып жаткандыгы жөнүндөгү демилгелүү топтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз-Кыштак айылдык кенешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясында каралгандыгы эске алуу менен Кыргыз-Кыштак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кыргыз-Кыштак айылынын Жаны-Абад участкасын көчөсүн 660 метр аралыкты асфальтоо боюнча Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин үлүштүк (түрткү берүүчү) грант менен каржыланып жаткан проектилерге өткөрүү үчүн айыл өкмөттүн өздүк салымы катарында 636000 сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. 2023-жылгы бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн 3111 статьясына толук эсептөөлөрү менен бекитилсин.
3. Финансы экономика каржы бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А.Таировко бюджетке тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жагы милдеттендирилсин.
4. Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Кадамжай башкармалыгынан жогорудагы өзгөртүүлөрдү көңүлгө алуу суралсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз-Кыштак айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кыргыз-Кыштак айылдык кеңештин төрагасы: |
Машрапов К.П |