Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 7-декабры № 11/1
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 6-декабрындагы №7 протоколдук чечими жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 6-декабрындагы №7 протоколдук чечимин угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 6-декабрындагы №7 протоколдук чечими төмөндөгүдөй толуктоолор менен бекитилсин:
Кара-Суу шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы №9Y3 токтому менен бекитилген курулуш иштери үчүн каралган (суюк таштандылар үчүн чуңкур курууга – 1638,9 миң сом, Юбилейный кичи шаарчасына сарай курууга – 800,0 миң сом, №3 Мээрим бала бакчасына брусчатка басууга 996528 сом, Завод көчөсүнө латок орнотууга 250,0 миң сом) 3845428 сом акча каражаты жана кошумча киреше 2534,3 миң сом, жалпысы 6379728 сом акча каражаты төмөндөгү иштерге каржылоого уруксат берилсин:
- Кара-Суу көзөмөл өткөрүү пунктунун айланасын иретке келтирүүгө 4500,0 миң сом;
- “Кара-Суу Тазалык” муниципалдык ишканасына субсидия – 600,0 миң сом;
- Манас стадионунун кире беришин иретке келтирүү үчүн – 500,0 миң сом;
- Батыш жана РТС көчөлөрүнө шагыл төшөө үчүн кошумча 150,0 миң сом;
- Борбордук аянтка балаты жасатууга – 100,0 миң сом;
- Сары – Колот полигонуна шагыл төшөөгө – 200,0 миң сом;
- Арашан кичи шаарчасына волейбол аянтчасын курууга 32990 сом
2. Адвокат үчүн каралган 200,0 миң сом акча каражаты Арашан кичи шаарчасына волейбол аянтчасын курууга кошумча каржылансын.
3. Шаардык кеңештин жана шаар мэриясынын аппаратынын эмгек акысынан үнөмдөлгөн акча каражаты жылдын жыйынтыгынын негизинде аппарат кызматчыларын акчалай сыйлоого жана шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин эмгек акысы үчүн жылдырууга уруксат берилсин.
4. 2022-жыл ичинде бекитилген бюджеттен артып калган калдыктар түрдүү чыгымдарга жылдырылууга уруксат берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы | А.О.Назаров |