Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 4-ноябры № 1
150,0 га жайыт жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш категориясына которууга чыккан 2019-жылдын 30-октябрындагы 37-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевдин сунушун угуп, талкуулап, турак жай куруу максатында кайрылган жарандардын арызын канааттандыруу үчүн жана айыл калкынын муктаждыгын чечүү максатында Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
Токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айылдык кеңешинин 2019-жылдын 30-октябрындагы №37 токтомунда контурлары жана контурдагы жер аянттары көрсөтүлбөй калгандыгына байланыштуу токтомго төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
2. Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кош-Моло участкасынан мамлекеттин менчигиндеги анын ичинен контур №654 таштуу жайыт 43,3 га. Контур №649 таштуу жайыт 70,9 га. Контур №650 таштуу жайыт 5,7 га контур №655 таштуу жайыт 0,5 га. Контур №653 таштуу жайыт 0,4 га. Контур №652 таштуу жайыт 0,7 га. Контур №651 таштуу жайыт 0,6 га. Контур №646 таштуу жайыт 3,8 га. Контур №648 таштуу жайыт 4,9 га. Контур №647 таштуу жайыт 11,0 га.Контур №972 таштуу жайыт 5,8 га. Контур №968 таштуу жайыт 2,4га 150,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан калктуу конуш категорясына которууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге жүктөлсүн.
Кеңештин тѳрагасы: | Н. Артыков |