Загрузка документа…
КУУГАНДЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
2021-жылдын 4-ноябры № 3
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Ийри-Сай участкасында жайгашкан муниципалдык менчикте турган жер аянтына Асфальт бетон жана таш майдалоочу завод куруу үчүн 2,5 га жер аянтын ижарага берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри-Сай участкасына Асфальт бетон жана таш майдалоочу завод куруу үчүн 2,5 га жер аянтын ижарага берүү депутаттардын арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Төрт-Гүл айыл аймагына караштуу Ийри-Сай участкасына №424,№438,№439 контурларда жайгашкан “Өнөр жай,транспорт,байланыш, коргоонуу жана башка жерлер багытындагы” категориясына которулган. Асфальт бетон жана таш майдалоочу завод куруу үчүн 2,5 га жер аянты мыйзам актыларынын негизинде ижарага берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге тапшырылсын.
Кеңештин Тѳрагасы: | Н. Артыков |