Загрузка документа…
ТӨРТ-ГҮЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2022-жылдын 18-февралы № 7
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнө караштуу “Кошмоло” участкасынан үй жайга берүү ар бир жаранга 0,08 га жер аянтын бекитип берүү жөнүндө
Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Кара айылына караштуу “Кошмоло” участкасынан 150,0 га жерди үй жайга берүү үчүн ар бир жаранга 0,08 га жер берүү, депутаттар арасында кеңири талкууланып Төрт-Гүл айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төрт-Гүл айыл аймагынан Чоң-Кара айылына караштуу “Кошмоло” участкасынан үй жайга ажыратылган жерден ар бир жаранга 0,08 га жер аянты бекитилип берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн башчысы С.Эркебаевге тапшырылсын.
Кеңештин төрагасы: | Н.Артыков |