АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 5-сессиясынын
2021-жылдын 10-декабры № 7
Ак-Булуң айыл аймагы боюнча социалдык жактан муктаж болгон жарандарга турак жай куруп берүүгө жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :
1. Ак-Булуң айыл аймагы боюнча социалдык жактан муктаж болгон жарандарга турак жай куруп берүүгө жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Ак-Булуң айылы боюнча 116-контурдан 3 (үч) га жер тилкеси каралсын. Ак-Булак айылы боюнча 6-контурдан 3 (үч) га жер тилкеси каралсын. Токтогул айылы боюнча 151-контурдан 3 (үч) га жер тилкеси каралсын.
3.Бул жер тилкелерин трансформациялап, калктуу конуш категориясына өткөрүү жагы Ак-Суу райондук мамлекеттик администрациясына сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөп ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Торогелдиевке милдеттендирилсин.
Төрага | Алымжан уулу Исламбек |