Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 7-сессиясынын

 

2022-жылдын 21-январы № 9

 

Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат, Спорт жана Жаштар Саясаты Министрлигинин 31.12.2021 №04-3/6579 жиберген катын кароо жөнүндө

 

Ак-Булуң айылынын түндүк-чыгыш тарабында (Түргөн суусунун оң тарабында ) Археологиялык изилдөөнүн жыйынтыгында болжолдуу ll миңинчи жылдарга таандык археологиялык эстелик көрүстөндөрдүн тобу жайгашкандыгы аныкталган. Ошондуктан “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тарыхый маданий мурас обьектерди сактап калуу, туура пайдалануу максатында

Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1. Ак-Булуң айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтерин тизмесине киргизүү ишке ашырылсын.

 

2. Аталган археологиялык эстеликтердин аймагына жана ага чектешкен аймактардын четинен кеминде 50 метр аралыкка чейин жер иштетүү, курулуш, чарбалык, карьер, жол куруу жана башка иштердин бардык түрлөрүн жүргүзүүгө тыюу салынсын.

 

3. Ак-Булуң айыл аймагында жайгашкан археологиялык эстеликтердин коргоо чөлкөмдөрүнүн долбоорун иштеп чыгуу уюштурулсун.

 

4. Тарыхый маданий мурас обьектилеринин жер участокторун тарыхый маданий багытында мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүнүп берилсин жана алардын укугун күбөлөндүрүүчү документтерин алуу иштери уюштурулсун.

 

5. Эстеликке жакын жайгашкан жер участогун пайдалануучуларга тарыхый маданий обьектердин жайгашкандыгын жана аларды сактоону камсыз кылуу тууралуу маалыматтар жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

 

6. Эстеликтердин айланасын коргоо тактачалары орнотулсун.

 

7. Археолог адистерди тартуу менен тарыхый маданий мурас обьектерде археологиялык илимий изилдөө, казуу жана документтештирүү иштери уюштурулсун.

 

8. Ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Торогелдиевке милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Алымжан уулу Исламбек