Загрузка документа…
АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 9-сессиясынын
2022-жылдын 25-марты № 21
Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жыйналышынын протоколунун негизинде жана жайыт комитетинин сунушун угуу, талкуулоо жөнүндө
Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Ак-Булуң айыл аймагындагы жакынкы жайыт жерлеринде чөп чабыш катары пайдаланып жүргөн жерлердин аянтын жана колдонгон жарандарды тактап, ар бири менен жайыт белетинин негизинде келишим түзүлсүн.
2. Жакынкы жайыт жерлеринде чөп чабыш катары пайдаланылган жерлердин ижара акысы 1(бир) га жерге 500 (беш жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Ак-Булуң айыл аймагы боюнча жайыт пайдаланууда, жайыт акы төмөндөгүчө бекитилсин:
-бир бодо малга 100 (жүз ) сом
-бир жылкыга 100 (жүз ) сом
-бир койго 15 (он беш) сом
Жайыт нормалары:
-бир баш уй 2 га
-бир баш жылкы 3 га
-төрт баш кой 1 га
-бир баш топоз 2 га
4. Алыскы Сырт өрөөнүндөгү жайыттарга көчүп конуусуна ар бир малчыга жайыт комитетинин бюджетинин эсебинен 2 000 (эки миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
5. Техникаларга келишимдер 2020-жылдын 07-апрелинде чыккан №13-токтомдо чыккан тарифтер күчүндө калтырылсын.
6. Сырт боюнча жайыт акы тарифтери 2021-жылдын 5-апрелинде чыккан №2-токтому күчүндө калтырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы жайыт комитетинин төрагасы А. Түмөнбаевге милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер боюнча туруктуу комиссия мүчөлөрүнө, төрагасы-А. Түлөбаевке жана айыл өкмөт башчы-Э. Торогелдиевке жүктөлсүн.
Төрага | Алымжан уулу Исламбек |