Редакцияот 25.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 9-сессиясынын

 

2022-жылдын 25-марты № 22

 

Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн Ак-Булак айылына ФАПтын аянтын кеңейтип, жаңы курулуш куруу жөнүндө

 

Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :

 

1. Ак-Булуң айыл аймагына караштуу Ак-Булак айылындагы ФАПтын аянтын кеңейтип, жаңы курулуш куруу максатында айылдык мечиттин жер аянтынан 445м2 жер тилкеси бөлүнүп берилсин.

 

2. Айылдык мечиттин жер аянты кыскарып, өзгөргөндүгүнө байланыштуу Мамлекеттик АКТсын кайра жасоо иштери жүргүзүлсүн.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Мусаевке жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Алымжан уулу Исламбек