Загрузка документа…
АК–БУЛУҢ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Булуң айыл аймактык кеңешинин XXVIII - чакырылышынын кезексиз чакырылган 9-сессиясынын
2022-жылдын 25-марты № 23
“Түргөн-Ак-Булак” муниципиалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
Ак-Булуң айылдык кеңеши токтом кылат :
1. “Түргөн-Ак-Булак” муниципиалдык ишканасынын кайрылуусун, Ак-Булак айылынын таза суу пайдалануучулардын эреже бузууларына бөгөт коюу максатында, эреже бузууларга айып пул салууга тарифтерди жана суу пайдалануучулар менен келишим түзүүдө Кыргыз Республикасынын бузуулар жана жоруктар Кодексинин негизинде, бир сапар алынуучу техникалык шарттамалардын өлчөмү бекитилип берилсин (чени эсептөө сметасы тиркелет).
2. Токтомдун аткарылышын ишке ашыруу жагы Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Торогелдиевке тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Алымжан уулу Исламбек |