Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-декабры № 1
« Малашов Даниэлбектин ысымын ыйгаруу жөнүндө»
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуусун жана орун басары А.Нарматовдун Кара-Чолок айылынын тургуну Баткендеги куралдуу кагылышууда курман болгон жоокер Малашов Даниэлбектин ысымын айылдагы бош көчөлөрдүн бирине ыйгаруу, мектептеги бир класска Малашов Даниэлбектин ысымын жана айыл өкмөттүн ардактуу атуулу наамын берүү жөнүндө сунушун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап,төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Чолок айылынын тургуну Баткендеги куралдуу кагылышууда баатырларча курман болгон жоокер Малашов Даниэлбекке Курманбек айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын;
2. Жоон-Кунгөй айылынын Малашев Сатыбалды көчөсүнөн баштап Урумбаш айылына чейинки чоң көчө жана Курманбек айыл аймагына кире беришинен Калбаев Балтабай көчөсүнө чейинки чоң көчөгө Малашев Даниэлбектин ысымы берилсин.
3. Таран-Базар айылында жайгашкан кичи фудбол аянтчасына Малашов Даниэлбектин ысымы берилсин.
4. М.Камбаров жана Т.Кочкоров мектептеринин бирден классына Малашов Даниэлбектин ысымы берилсин.
5. Кара-Чолок айылынан Малашев Даниэлбек атындагы кичи күрөш залын салууга 0,03 га жер аянты бөлүнүп берилсин.
6. Тийиштүү кагаздарын буткөрүү жана көзөмөлдөө жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн
Төраганын орун басары | З.А.Ботобаева |