Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-декабры № 2
“ Курманбек айыл өкмөтү тарабынан түрткү берүүчү грантка сунушталуучу долбоорго колдоо көрсөтүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Жоон-Күнгөй айылынын депутатарынын Жоон-Күнгөй айылынын ички жолун асфальтоо үчүн түрткү берүүчү грантка долбоорду сунуштоо боюнча кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнун Жоон-Күнгөй айылынын ички жолун асфальтоо үчүн долбор мамлекеттик түрткү берүүчү грантка сунушталсын.
2. Долбоорго Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинен 2901,9 ( эки миллион тогуз жүз бир миң тогуз жүз) сом өздүк салым катары каржылансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссияга жана айыл өкмөт башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | З.А.Ботобаева |