Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-декабры № 4
“Байматов Уланбектин кайрылуусу жөнундө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Калмак-Кырчын айылынын тургуну Байматов Уланбектин кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 07-декабрь 2022-жылдагы берген № 03/666 корутундусун жана “Кадастр” мамлекттик мекемесинин Сузак райондук филиалы тарабынан берилген 30.04.2021-жылдагы № 01-16/188 сандуу маалыматынын негизинде Калмак-Кырчын айылынын Сай участкасындагы 2962-контурунда жайгашкан, курулуш алдындагы 0,10 га жер муниципалдык менчике алынсын;
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | З.А.Ботобаева |