Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-декабры № 6
« Маккамбай Дарбановдун кайрылуусу жөнүндө»
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Жала-Абад шаарынын тургуну Дарбанов Маккамбайдын Курманбек айыл аймагындагы Таран-Базар айылынын Кескен-Таш участкасына чакан ГЭС куруу менен биргеликте суу сактагыч куруу үчүн көп жылдык мөөнөткө ижарага жер сурап жазган кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл аймагынын Таран-Базар айылынын Кескен-Таш участкасына чакан ГЭС жана Курманбек айыл аймагын сугат суу менен камсыз кылуучу суу сактагыч куруу үчүн алгачкы изилдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин;
2. Жер кыртышын текшерип, изилдөө иштери аягына чыккандан кийин гана Курманбек айыл өкүмөтү менен келишим түзүлүп, ижарага берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана Курманбек айыл өкмөтүнун башчысы Н.Түгөйбековко жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | З.А.Ботобаева |