Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы
2022-жылдын 15-декабры № 7
“Биримкулов Тынарбектин кайрылуусу жөнундө”
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XV сессиясы, Саты айылынын тургуну Биримкулов Тынарбектин кайрылуусун айылдык кеңештин депутаттары угуп, талкуулап, төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жалал-Абад областтык жерге жайгаштыруу экспедициясынын 12-декабрь 2022-жылдагы берген № 03/673 корутундусунун негизинде Курманбек айыл өкмөтүнө караштуу Тамга-Терек участкасындагы №1725-контурунда жайгашкан, айыл чарба багытындагы жараксыз 0,15 га жер муниципалдык менчике алынсын;
2. Тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү жагы Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | З.А.Ботобаева |