Загрузка документа…
| Тиркеме №1
Курманбек айылдык кеңешинин VIII-чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVIII -сессиясынын № 1 токтому менен “Бекитилди” Курманбек айылдык кеңешинин төрагасы Т.З.Биримкулов 17.03.2023-жыл. |
Курманбек айылдык кеңешинин 2023-жылга аткара турган иш-аракеттердин планы:
№ | Каралуучу маселелер | Кароонун мөөнөтү | Маселени ким даярдайт |
1 | Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылда аткарган ишинин отчётун угуу, чечим кабыл алуу. | I- квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы. Айыл өкмөт башчысы Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы |
2 | Жегиликтүү бюджетти 2023-жылга кабыл алуу жөнүндө Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын бюджеттик маалыматын угуу, чечим кабыл алуу,бюджетти бекитип берүү. | I- квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясы. Айыл өкмөт башчысы Каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы |
3 | Айыл чарба жана жер маселелери боюнча мунапыс, трансформация, департаментке өткөн жерлер жана ижарага берилген жерлер боюнча | I-квартал | Айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиясы. Айыл өкмөттүн орун басары жана жер адиси. |
4 | Жегиликтүү бюджеттин 2023-жылдын биринчи жарым жылдыкта аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын отчёту. Бюджеттин киреше жана чыгашаларына өзгөртүү, толуктоо киргизүү. | II- квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия. |
5 | Курманбек айыл аймагынын калкынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү | III- квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
6 | Айылдык Кеңеш тарабынан кабыл алынган ченемдик укуктук нормативдик актылардын аткарылышы | III- квартал | Мыйзамдуулук жана укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
7 | Айыл аймактын калкын социалдык жактан өнүгүүсүн коргоонун программаларынын аткарылышы жөнүндө маалымат | III- квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
8 | Жегиликтүү бюджеттин 2023-жылдын 9-ай ичинде аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысынын маалыматы. Бюджеттин киреше жана чыгашаларына өзгөртүү толуктоо киргизүү. | IV- квартал | Бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссия. |
9 | Кайра бөлүштүрүү Фондунун жерлерин пайдаланышы жөнүндө. | IV- квартал | Айыл чарба жана жер маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
10 | Айыл аймактын калкын социалдык жактан өнүгүүсүн коргоонун программаларынын аткарылышы жана мектептердин кышка даярдыгы жөнүндө маалымат | IV- квартал | Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы |
Курманбек айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
Джапаров А.А |