Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 3
Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше,чыгашаларынын долбоору жана 2024-2025-жылдарга болжолун бекитүү жөнүндө
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы,Курманбек айыл өкмөтүнүн 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2024-2025-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүлөрүн угуп, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга бюджетинин долбоору жөнүндө айылдык кеңешинин бюджет комитетинин билдирүүсү эске алынып, 2023-жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 14118,9 миң сомго, атайын каражаттардын суммасы 1 800,0 миң сомго, теңдөө гранты 5472,0 миң сомго, жалпы 21390,9 миң сомго №1-тиркемеге ылайык ал эми, бюджеттин чыгашалары 21390,9 миң сомго №2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-жылга 19 594,9 миң сомго, 2025-жылга 21333,7 миң сомго жергиликтүү бюджетинин кирешелеринин божомолу бекитилсин.
3. “Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландык мезгили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-тиркемесине ылайык 2023-жылга 5 472,0 миң сомго, 2024-жылга 5 472,0 миң сомго теңдөө грантынын божомолу бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы №208-б буйругуна ылайык электроэнергияга бөлүнгөн 504,0 миң кВт лимити бюджеттик мекеме уюмдар боюнча №3- тиркемеге ылайык бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, мекеме уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин жана көзөмөл жүргүзүлсүн.
5. 2023-жылга Курманбек айыл өкмөтүнө жеткирилген 5 472,0 миң сом теңдөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондко болгон чегерүүсүнө) каржылоого №4-тиркемеге ылайык багытталсын.
6. Жоон-Күнгөй айылындагы «Мээрим» мектепке чейинки билим берүү мекемесине ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 780,0 миң сомго, Таран-Базар айылындагы «Кызгалдак» мектепке чейинки билим берүү мекемесине ата-энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы 1020,0 миң сомго бекитилсин жана анын чыгымдары 1800,0 миң сомго №5-тиркемеге ылайык казыналык система аркылуу жумшоосу белгиленсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 05.02.2020-жылдагы №64-токтомунун негизинде Курманбек айылдык кеңешинин жооптуу катчысынын 1 штат бирдиги кармалсын, жана 523,6 миң сом эмгек акы фонду менен №6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервдик фонду 358,9 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы №403-токтомунун негизинде Курманбек айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 26 штат бирдиги кармалсын, айлык акылары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 жарлыгы, 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7-августундагы №466-токтомдун негизинде ыйгарым укуктуу кызмат менен 12 047,5 миң сом эмгек акы фонду менен №7-тиркемеге ылайык бекитилсин.
10. 2023-жылга ыйгарым укуктуу кызмат үчүн (статист) айлык акыга келген акча каражатына ай сайын бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизилсин.
11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66-токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 7 штат бирдиги кармалсын жана айлык акысы КР Министрлер Кабинетинин 30.03.2022-ж №185 токтомунун негизинде №8-тиркемеге ылайык 1 634,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12. Жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүү жайыт комитетине милдеттендирилсин жана жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн социалдык фондко болгон төлөмдөрдү ижарачылар өздөрү төлөөлөрү белгиленсин.
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы №386 “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48-беренесине ылайык жайыт пайдалануучулардан 576,0 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатынын жыйналуусу белгиленсин жана анын бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү КРнын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлсүн. Жайыт комитетинин 2023-жылга жалпы кирешеси 496,9 миң сомго бекитилип, чыгашасы 331,3 миң сом өлчөмүндө акча каражаты келишимдин негизинде өткөрүлүп берилсин жана №9-тиркемеге ылайык төлөнсүн.
14. Айыл өкмөтүнүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30-апрель 2022-жылдагы № 240-токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин жана төлөп берүү №10-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 2 385,6 миң сом өлчөмүндө №11-тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 1 779,4 миң сом өлчөмүндө №12-тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 12 625,0 миң сом өлчөмүндө №13-тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Социалдык камсыздоо бөлүмүнүн чыгымдары 94,0 миң сом өлчөмүндө №14-тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 1 827,0 миң сом өлчөмүндө №15-тиркемеге ылайык бекитилсин.
20. Айылдык кеңештин чыгымдары 548,6 миң сом өлчөмүндө №16-тиркемеге ылайык бекитилсин.
21. Мектептерди жана балдар бакчаларын 2023-2024-окуу жылына кышка отун жана көмүр менен камсыз кылуу үчүн 800,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүүсү №17-тиркемеге ылайык бекитилсин.
22. Айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү КРнын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын сунушу менен айылдык кеңештин сессиясына сунушталсын.
23. Бекитилген 2023-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
24. Аталган токтом Курманбек айыл окмотунун расмий www. kurmanbek-aimak.kg сайтына жарыялансын.
25. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы А.Джапаровго милдеттендирилсин.
26. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Тугойбековго жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Абдукаимовко жүктөлсүн.
Төрага | Т.З.Биримкулов |