Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 6
Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү жөнүндө
Муниципалдык кызмат көрсөтүү боюнча маалыматтын ачыктыгын жана жалпыга жеткиликтүүлүгүн арттыруу, жарандарга жана юридикалык жактарга муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртуу максатында “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик адмнистрация жөнүндө” КР мыйзамынын, КР Бюджеттик Кодексинин жана ЖөБЭММАнын 2019-жылдын 5-сентябрындагы №01-18/84 “Биргелешкен мониторинг жана баалоо топтору жөнүндө Типтүү Жобону бекитүү тууралуу” Буйругунун негизинде, ошондой эле USAIDдин “Ийгиликтүү Аймак 2” долбоорунун алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу Планында белгиленген кызматтардын аткарылуусуна баа берүү жана көзөмөлдөө жүргүзүү үчүн Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобун түзүү максатында төмөндөгүдөй токтом кылат:
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу (Мындан ары БМжБ тобу) төмөнкү курамда түзүлсүн:
- А.Нарматов – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары,топтун жетекчиси
- Н.Баймуратова- айылдык кеңештин депутататы, топтун мүчөсү
- К.Амираева-инвестиция боюнча башкы адис, топтун мүчөсү
- М.Автандилов- айылдык кеңештин депутататы, топтун мүчөсү
- С.Исмаилов –Кара-Чолок айылынын тургуну, топтун мүчөсү
- С.Молошов-Жоон-Күнгөй айылынын тургуну, топтун мүчөсү
- М.Шырдаков- Таран-Базар айылынын тургуну, топтун мүчөсү
- А.Алимбетов -айылдык кеңештин депутаты,топтун мүчөсү
- К.Ташкараев- Саты айылынын тургуну, топтун мүчөсү
- А.Кеңешбаев- Калмак-Кырчын айылынын тургуну, топтун мүчөсү
- З.Ниязахунов-Канжыга айылынын тургуну, топтун мүчөсү
- А.Абдымаматов- ВУС инспектору, топтун мүчөсү
1. Биргелешкен мониторинг жана баалоону жүргүзүү жөнүндө Типтүү Жобо кабыл алынсын .
2. Жогорудагы түзүлгөн БМжБ тобу Типтүү Жобого ылайык айыл аймактын чегинде аткарылып жаткан иштерге көзөмөл жүргүзүп, баа берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Ботобаевга жүктөлсүн.
Төрага | Т.З.Биримкулов |