КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Курманбек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы
2023-жылдын 25-февралы № 7
ПЖ №305-Жарлыгын турмушка ашыруу үчун айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча иш аракеттер планы жөнүндө» ПЖ №305-Жарлыгын турмушка ашырууга айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБОну бекитип берүү жөнүндө» Курманбек айыл өкмөтүнун кайрылуусун карап, талкуулап Курманбек айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Курманбек айыл ѳкмѳтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы «Улуттук тазалык жана 2023-2025 жылдар мезгилине тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүү боюнча» айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан ЖОБО № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы Курманбек айыл ѳкмѳт башчысы Н.Т.Түгөйбековко жүктѳлсүн.
3. Токтом Курманбек айыл ѳкмѳтүнүн расмий сайтында жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Т.З.Биримкулов |