Загрузка документа…
АК-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
27-чакырылыштагы Ак-Коргон айылдык кеңешинин кезектеги 24- сессиясы
2021-жылдын 8-январы № 35
Ак-Коргон айыл аймагына караштуу Ак-Коргон, Баястан, Сафед-Булан, Падек айылдарында жашаган атуулдардын турак жай курууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу максатында жер участогун берүү чаралары жөнүндө
Ак-Коргон айыл аймагындагы жашаган атуулдардын турак жай курууга болгон муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жер участогун берүү максатында Ак-Коргон айыл кеңешинин 27-чакырылышынын кезектеги 24- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Коргон айыл аймагынын Өзбекистан Республикасы менен чектеш болгон айыл чарба багытындагы “Кызыл-Кол” участкасынын №141-0,50 га №383-6,5 га, №387-9,0 га, №389-1,90 га №407-7,40 га, №405-3,0 га, №406-0,20 га, №412-1,80 га, №404-0,40 га, №402-3,05 га, №401-4,0 га, №413-9,80 га, №409-2,30 га, №408-3, №423-3,30 га, №415-3,70 га, №101-4,76 га, контурларынан 64,61 га, Падек айылынан “Чоң Чагара” участкасынын №72-2,50 га, №73-1,3 га контурларынан 3,80 га жалпы 118,41 га жер аянтына жаш үй-бүлөлөрдү турак жай менен камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 10, 11, 12-беренелери жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014 жыл 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө убактылуу жобосунун негизинде жогоруда аталган жер аянттарын калктуу конуштар категориясына которуп (трансформациялоо) берүү жагы тиешелүү жогорку органдардан суралсын.
2. Тиешелүү документтерди тактоо жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтом Akkorgon.com.kg веб сайтына жарыялансын.
4. Токтомду расмий жарыялоо Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Коргон айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомду аткарууну көзөмөлдөө Ак-Коргон айыл кеңешинин укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрагасы: | М.Инамов |