Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 29-декабры № 83
Достук айылынын генпланын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Каламбековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап Достук айылынын башкы планын бекитип берүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы калктуу конуштун генпланы бекитилсин.
2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
Айылдык кеңештин төрайымы | Ж.Шадиманова |