Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИНИН ТОКТОМУ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIX сессиясы
2022-жылдын 29-декабры № 84
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында мүлк салыгын киргизүүгө макулдук берүү жөнүндө
Мамлекеттик салык кызматынын Баткен району боюнча башкармалыгынын 2022-жылдын 23-декабрындагы №024/22/03-6/4148 чыгыш катынын негизинде, Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы №4 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылдын 1-январынан тартып салыктын төмөнкү түрлөрүнө мүлк салыгы киргизилсин:
1)Турак жай имараттары жана жайлары;
2) Турак жай эмес имараттар,курулмалар жана жайлар;
3)Уйдун жанындагы жер, короо жай жана багбанчылык-чарбак участоктору;
4)Айыл чарба жерлери;
5) Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында эмес жерлер;
6) Ичинен күйүүчү кыймылдаткыч менен иштеген транспорт каражаттары;
2. Ушул токтомду аткарууга алуу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын финансы комитетинин төрагасы А.Абдиевке жүктөлсүн .
Айылдык кеңештин төрайымы Ж.Шадиманова